Кызыл-Булак: Асфальт заводундагы бетондун жетишпестигинен айылдагы жолдорду оңдоо иштери убактылуу токтотулду

772

Жолдорду оңдоо-түзөө иштери Кызыл-Булак айылынын Чоко көчөсүнө келип токтотулду. Жолдорду оңдоо иштерин токтотулушун айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Абдразакович заводдон бетон чыкпай жаткандыгы менен түшүндүрдү.wpid-20130729_174310Данияр Көчкөновдун айтымында жол алардын балансында болбогондуктан, жолду оңдоо иши өтө кыйын болду.wpid-20130729_152328«Бул жолду асфальттын чыгышына карап куруп жатышат. Асфальт заводдо бетон чыкпай жаткандыгына жолду оңдоо — түзөө иши убактылуу токтолуп турат. Буйруса 30-июлдан кайра курулуу иши башталат, «— деди Данияр Көчкөнов.

Айдоочу Алмаз Каримов бул жолдун оңдолушу, айыл тургундары үчүн бир топ жеңилдиктерди түзөөрүн айтып өттү.wpid-20130729_153056«Авто унаалардын тетиктери бүт бардыгы жараксыз болуп калган,» — дейт Алмаз Каримов.

Айдоочуу Руслан Адиев тапкан каражаттарынын бардыгы жаңы авто унаа тетигин алууга кетээрин баяндады.wpid-20130729_174400«Мен үй-бүлөмдү таксист болуп иштөө менен багам, бирок жол начар болгондуктан маянам машинамды ремонттоого гана сарптайм,» — деди Руслан.

Жол оңдоп жаткан усталардан комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Авторлор: Канболот Абылкасым уулу, Айгерим Жумабаева, Бүсайра Кыямидинова.
compare and contrast essay introduction buy essay writing online best friend essay