Куланак: Боз үй-көчүп конууга ыңгайлуу кыргыздын улуттук буюму

3175

Кыргыз эли эзелтен көчүп-конуп, жашоосун өз шартына ылайыктап, үйлөрүн дагы жүктөп, бүктөп алып көчүп келишкен.

image

Ошондой улуттук боз үйдүн жасалышы боюнча айылдын ардактуу атуулу, Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны Макый ата өз оюн айтып өттү.

image

Боз үйдү жасаш үчүн  жыгачтын ар кандай түрлөрүн пайдаланса болот.
«Бирдей жыгач эмес, ар кандай болот, талдан жасаса болот, жеңил. Кайыңдан жасалган боз үй салмактуу, оор, шамалга туруктуу. Талдан жасалган боз үйдү малга, өгүзгө жүктөп алып көчүп кетсе болот. А тиги чоң үйлөрдү машинеге салып же төөгө жүктөп көчүшчү».
image

Боз үйдүн жыгачтарына керектүү жиптер да негизги орунду ээлейт.
«Керегени бекитүү үчүн төөнүн  терисинен, өгүздүн терисинен  көк(жип) керек. Бир кереге төрт жеринен көктөлөт. Боз үйдү жасаш үчүн  көз менен көрүш керек».

image

Ал эми боз үйдүн ички жасалгасы да көптөгөн түйшүктү талап кылат. Бул боюнча азыркы учурда ардактуу эс алуудагы апабыз Бакбүбү Ибраимова токтолуп өттү.

image

«Боз үй жасоону пенсияга чыккандан кийин, үйдө бош отурбастан жасай баштадым. Жыгачтарын абышка жасап кеткен».

image

«Кийиз жасап, үзүгүн, туурдугун, жабык башын, ички үзүгүн, боосун жасадык. Теричисин Майрам деген келиним согуп бүттү. Баары колдуку, жүндөн жасалды, дүкөндүкү эмес».

image

«Балдарым, келиндерим да жасашты. Бакыт өзү сүрөткө шыктуу, оюуларын чийип, сүрөт тартып берет, өзүм кесем».

image

«Көздүн карегиндей сактабаса болбойт, боекко күбө деген, чычкан деген өч болот. Дары да сеппейм, сасып калат деп. Мешокторго салып сактайм».

image

«Бала-бакырам кармап калсын, балдарым көрсүн убайын. Мен эмне тыякка ала кетмек белем»,-деп күлүп маегин аяктады.

image

Авторлор:  Анара Нусупова, Жазгүл Кадыралиева, Бекболот  Рахатбек  уулу.