gal</a
Гүкүн Маймылова Джал айылынын тургуну беш жылдан бери уулу менен кызын көрбөй келет. Балдары Россияда эмгектенип жүрүшөт.
Гүкүн Маймылова 3 баланын энеси. Анын экөөсү 5 жылдан бери Россияда иштейт. Биринчи болуп улуу кызы Чолпон Россияга жөнөп кеткен. Аяктан иш табып Россиянын жарандыгын алгандан кийин иниси Калысты чакырып алган. Гүкүн эженин айтуусу боюнча балдарынын жакшы иштеп кетишине орус тили өбөлгө болгон.
«Орусча тил билбесең кыйналасың. А булар тил билген үчүн баарын жеңип кетишти», — дейт Маймылова.
Эжеси менен иниси акча табуунун жолун Россияга барып иштөө менен чечишкен.
«Кыргызстанда перестройкадан кийин жумуш жок, завод, фабрика иштебейт. Анан акча таап, ата-энесине жардам берип, бутубузга турабыз деп кетишти».
Гүкүн Маймылованын балдары тапкан акчаларын ата-энеси сураганда салып, болбосо чогулта беришет.
«Биз керек деген убакытта берет, же болбосо сактай берет. Үйдү ремонт кылды, атасына, өзүнө машина алды. Бизге кийим алып берип турат».
Гүкүн маймылова балдары менен эртерээк жолугушсам деп кыялданат.
«Окшош балдарды көрсөм ыйлагым келет. Сагындым. Келбейсиңби десем, азыр шарт жок деп жооп берет. Сагынганда тез-тез сүйлшүп турабыз».
Автор: Ырыскелди Асанов