Куланак: Китептердин жетишсиздигине окуучулар үй тапшырмаларын окуй албай жатышат.

3104

image

Куланак орто  мектебинде окуучулар китеп менен толук камсыздандырылган эмес. Мектептин жетекчилиги муну каражаттын жетишсиздиги менен түшүндүрдү.

Китепканачы Асылкүл Абдраимова жаңы окуу жылга китептердин келгенине карабастан, мектеп 75% гана камсыздандырылгандыгын айтты.

image

«Жогоку класстарга жетишпеген […] китептери келди. Өзгөчө башталгыч үчүнчү класстарга   […] таптакыр жок, […] китептер жок.

Кыргыз тили мугалими Анара Нусупова
окуучулардын китеби жетишпегендиктен тапшырманы толук аткарбай келээрин кошумчалады.

image

«Мен жогорку класска сабак бергендиктен, 8-класс адабияты жокко эсе, 9-класс кыргыз тил китеби жетишпейт».

Окуучулардын айтымында алар китептерди аймакташып алып окушат. Бирок бул дагы жетишээрлик эмес.

image

«Ыңгайсыздык кээде жаралат.Мисалы, биз үйүнө барганда, чыкпай коюшат. Анан биз ыр жаттабай барабыз. […] Айтабыз,бирок шартыбызды түшүнбөйт».

image

Мектепдин директору Чынара Абдыкадырова жаңы китептерди алыш үчүн каражат жетишсиздигин айтып өттү.

«Мүмкүн мурдагыдай эле аренданы кайра алып келсе, арендадан түшкөн акчага китеп сатып алганга мүмкүнчүлүк болмок», — деген сунушун киргизди.

Авторлор: Өмүрбек Дайырбеков, Мээрим Алмазбек кызы, Айзат Түмөнбаева